Тег Улуттук

2023-жылдын 16-октябрына карата сомдун курсу

Кыргызстандын Улуттук банкы 2024-жылдын 16-октябрына карата валюталардын курсун жаңылады. доллар 85,50 сом, евро 93,28 сом, орус рубли 0,88 тыйындан сатылууда. Коммерциялык банктарда доллар 85,13 сомдон сатып алынып, 85,60 сомдон сатылууда.

“Тай туяк” коллекциялык монетасы эл аралык сынакта коло алды

“Тарыхый окуялар” сериясындагы “Тай туяк” коллекциялык күмүш монетасы “Монета жылдыздары – 2024” XVIII эл аралык монета сынагында “Жылдын күмүш тыйыны” номинациясында үчүнчү орунду жеңип алды. КМШ өлкөлөрү үчүн уникалдуу болгон сынак катышуучуларды дизайн, көркөм аткаруу жана сапат критерийлерине карап баалады. Монета Кыргызстандын улуттук валютасынын 30 жылдыгына карата чыгарылган жана акчанын байыркы тарыхын чагылдырат.

Бишкек Улуттук госпиталында күнү-түнү иштеген МРТ жана КТ – кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы

Бишкектеги Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык жана компьютердик томографиядан өткөрүү боюнча күнү-түнү иштей баштады. Тез жардамга келген бейтаптар кезексиз кабыл алынат, оорулуулар да дарыгер менен ташылат. Кызматтын баасы КТ 1400 сом, МРТ 2100 сом.

Кыргызстан Пакистанда өзүнүн туристтик потенциалын көрсөттү

Исламабадда пакистандык туроператорлор менен жолугушууларды уюштуруу менен Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлдү. Элчи Авазбек Атаханов өлкөнүн туризм тармагындагы жетишкендиктерин баса белгилеп, пакистандыктарды Кыргызстандын уникалдуу маданияты жана жаратылышы менен таанышууга чакырды. Катышуучулар кыргыздын каада-салтына кызыгып, таанышуу сапарларын пландаштырышууда.

Бишкекте Улуттук климаттык форум башталды

Бишкекте өтүп жаткан Улуттук климаттык форум өкмөт өкүлдөрүн, эксперттерди жана ишкерлерди чогултуп, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууну талкуулады. Катышуучулар аялуу айылдык жамааттарга жана туруктуу келечек үчүн эффективдүү чечимдерди иштеп чыгууга, анын ичинде эл аралык финансыга жетүү жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө басым жасашат.

Кыргызстандын желегин көтөрүү аземи Чикагонун борборунда өттү

Чикагодо тарыхый окуя болуп өттү - Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата Кыргызстандын желегин көтөрүү. Башкы консул Болотбек Борбиев биримдиктин жана маданий мурастын маанилүүлүгүн белгилесе, АКШ өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын жергиликтүү көп түрдүүлүккө кошкон салымын баса белгилешти. Салтанатта гимндер аткарылып, өнөрпоздор улуттук бий жана ырлар менен коштолду.

Ошто кинологдордун мелдеши башталып, Чек ара кызматынын кинология борборунун капсуласы салынды

Ош шаарында 3-ведомстволор аралык кинологдор мелдеши ачылып, ага күч түзүмдөрүнүн 4 командасы катышууда. Сынак ЕККУнун колдоосу менен өткөрүлүп, улуттук коопсуздукту камсыздоодо кызматташууну бекемдөөгө багытталган. Иш-чаранын алкагында эл аралык стандарттарга жооп бере турган жаңы Кинологиялык борбордун пайдубалына да капсула салынды. 1 миллион евролук долбоор 72 кызматтык ит үчүн заманбап окуу класстарын жана питомниктерди камтыйт.

Эрфуртта «Кыргыз кызы» скульптурасы пайда болду

Эрфурт шаарында кыргыз жаштарынын билимге болгон умтулуусун билдирген “Кыргыз кызы” скульптурасынын ачылышы менен “Чет элдик жаштарды тосуп алуу күнү” өттү. Иш-чарага Тюринг өкмөтүнүн, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана студенттер чогулуп, квалификациялуу кадрларды даярдоодо кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. «Советтик Кыргызстандын кызы» деген картинадан шыктанган скульптура жацы мумкунчулуктердун жана аялдардын коомдогу активдуу ролунун символу болуп калды.