Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана экосистеманы коргоо максатында туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан рейддер уланууда. Балыкчылардын документтери текшерилип, милдеттүү түрдө электрондук балык кармоо карталарына көңүл бурулууда. Милиция кызматкерлери сууда жүрүм-турум эрежелерин жана браконьерликтин кесепеттерин эскертип, жергиликтүү тургундар жана туристтер менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул чаралар көлдүн уникалдуу жаратылышын сактоого жана туруктуу балык уулоого жардам берет.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Ысык-Көлдө реактивдүү лыжа тебүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алып, ошондой эле энергияны үнөмдөө боюнча мыйзамдарга жана ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга жана калкты колдоого багытталган мамлекеттик жеңилдиктерге өзгөртүү киргизүүнү талкуулашты.
Владислав Шулико Ысык-Көлдө экологиялык сууда сүзүүнү ийгиликтүү аяктап, 13 күндө 5 тонна таштанды жана 15 чакырым балык уулоочу тор жыйнады. Сууда сүзүүчү 688 чакырымды басып өтүп, бул жалпы элдин жеңиши экенин белгиледи.
Министрлик жаратылыш кырсыктары боюнча мїмкїн болгон селдер тууралу эскерїї берди. 15-16-август Ысык-Көл областынын тоолуу аймактарында кучтуу жамгырлар кутулуудо, бул селдердин паяда болушуна алып келиши мүмүкүн. Жергиликтуу тургундарды жана туристтерди коопсуздук учун зоо журуу жана пикник откоруунун токтотууга чакырды. Эгерде кырсык болуп калса, 112 санына чалып, жардам сураңыз.