Тег заманбап шарттар

Кара-Кулжа районунда мектептин курулушу уланууда

Кайың-Талаа айылында долбоордук кубаттуулугу 275 орундуу К.Мамаев атындагы жаңы мектептин курулушу бүткөрүлүүдө. Окуу имаратында заманбап класстык бөлмөлөр, китепкана, ашкана жана спорт зал бар. Курулуш 2022-жылы бюджеттик каржылоо менен башталып, объекттин баасы 175 млн сомду түзөт.

Садыр Жапаров Бишкекке жакын жерде Кыргызстандын футбол боюнча курама командаларынын машыгуу базасын ачты

Кыргызстанда футбол боюнча улуттук курама командалар үчүн жаңы “Мурас Юнайтед” машыгуу базасы ачылды. Президент Садыр Жапаров спортчуларды даярдоого шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Базада заманбап 6 кабаттуу имарат, футбол аянтчалары жана эл аралык стандарттарга жооп берген инфраструктура бар. Келечекте 45 миң орундуу стадион куруу пландалууда.