Тег жарым марафон

Бишкекте “Ак илбирсти чуркоо 2024” бешинчи жарым марафону өттү

Бишкекте “Ак илбирсти чуркоо 2024” бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтүп, ага 4,5 миңдей адам катышты. Жарыш шаардын борбордук көчөлөрүн камтып, 5 км, 14 км жана 21,1 км аралыкка чуркоо, ошондой эле балдардын жарышы өттү. Чогулган каражат ак илбирсти коргоого жана экологияны жакшыртууга жумшалат.

Ак илбирсти чуркоо Бишкекте көчөлөрдү жабуу менен өтөт (карта)

29-сентябрда Бишкекте “Ак илбирсти чуркоо 2024” бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтүп, ага 4500 адам катышат. Жарыш 5 км, 14 км, 21,1 км аралыктарды жана 3 жаштан 13 жашка чейинки балдардын жарышын камтыйт. Маршрут шаардын борбордук көчөлөрү, өткөн тарыхый эстеликтер аркылуу өтөт. Катышуучулар үчүн хронометраж системасын жана тамактануучу жайларды орнотуу үчүн эртең мененки саат 6:00дөн баштап бир нече көчөлөрдү жабуу пландалууда. Уюштуруучу – мэриянын колдоосу менен “Nomad Sport” коомдук бирикмеси.

Сардана Трофимова Олимпиада оюндарында өткөн марафону тууралуу биринчи жолу комментарий берди

Россиянын беш жолку марафон чемпиону Сардана Трофимова Кыргызстандын жарандыгын алып, аз убакыттын ичинде бир топ ийгиликтерге жетишти, анын ичинде Азия оюндарында коло, 2024-жылкы Олимпиадада жаңы улуттук рекорд.