Тег жарышы

Кыргызстандын спортчулары “Джиро д’Алматы 2024” эл аралык веложарышта чыгышты

Алматы шаарында өткөн ышкыбоздор арасында өткөн “Джиро д’Алматы 2024” эл аралык веложарышта “Жеңиш” спорттук-өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучулары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушту. Чалова Алимина биринчи орунду, Данияр Велямов менен Александр Дядичкин экинчи орунду, Алла Вороная үчүнчү орунду ээлешти. Мелдеш эки этаптан турду: 40 км аралыкка чуркоо жана Медеуде 10 км финалдык жарыш. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана эстелик белектер тапшырылды.

Бишкектик жаш велосипедчилер Казакстанда өткөн эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга ээ болушту

Талгар шаарында өткөн “ROAD RACE 2024” эл аралык веложарыш турниринде Бишкек шаарынын “Жеңиш” спорт мектебинин тарбиялануучулары ийгиликтүү катышып, 15-17 жаштагы уландар жана кыздар арасында байгелүү орундарга ээ болушту.

Бишкекте “Ак илбирсти чуркоо 2024” бешинчи жарым марафону өтөт

29-сентябрда Бишкекте Nomad Sport коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган “Ак илбирсти чуркоо 2024” эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. 5 км, 14 км жана 21,1 км аралыкка, ошондой эле балдар жарышына 4,5 миңге жакын жөө күлүктөр катышаары күтүлүүдө. Иш-чарадан түшкөн каражат ак илбирсти коргоо жана экологиялык демилгелерге жумшалат. Каттоо Nomad Sport сайтында жеткиликтүү.