Черногорияда өтүп жаткан бокс боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык мушкерлер Амантур Жумаев 54 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, Тыныстан Алыбаев 92 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, коло медалга ээ болушту.
Тиранада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта Раззак Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмак ченинде финалда грузиялык атаандашын 6:1 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери Р.Сапаров жана грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Асан Жанышовду кабыл алып, аларды спорттогу жогорку жетишкендиктери менен куттуктап, акчалай сыйлыктарды тапшырды.