Тег жаштар курамалары

Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу: КЭДР менен кызыктуу оюн күтөбүз

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын Түндүк Корея менен болгон беттештен күткөндөрү менен бөлүшүп, атаандаш өлкөдө футболго кызыгуу күчөп, алардын оюнунун жогорку интенсивдүүлүгүн белгиледи. Кыргызстан күйөрмандарынын колдоосуна үмүт артып, алдыдагы беттешке кызуу даярданып жатат.

Кыргызстандын курама командасы Түркмөнстандын курама командасын жеңип алды

20 жашка чейинкилер арасындагы 2025-жылкы Азия Кубогунун тандоо турунда Кыргыз курама командасы Түркмөнстанды жеңип, беттешти 1:0 эсебинде жыйынтыктады. Жалгыз голду 61-мүнөттө пенальтиден Бекназ Алмазбеков киргизди. Беттеш оңдоп-түзөөдөн өткөн Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, оюн башталар алдында күйөрмандарды концерттик программа тартуулашты.