Бишкекте Кыргызстандын курама командасынын Париждеги Олимпиададагы көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгына баа берилди
Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда жыйын өтүп, анда Кыргызстандын курама командасынын Париждеги Олимпиададагы жыйынтыгы жана өлкөдө спортту өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Катышуучулар спортчулардын ийгиликтерин жана кемчиликтерин талдап, машыгууларды жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча чараларды сунушташты, ошондой эле балдар спортун колдоого жана калк арасында дене тарбияны жайылтууга басым жасады.