V ДКОдо Кыргызстан 14 медаль утуп алды

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 14 медаль: 3 алтын, 7 күмүш жана 3 коло медалга ээ болуп, медалдык эсепте 2-орунда келе жатат. Салттуу ок атуу, күрөш жана мас-рестлинг боюнча ийгиликтер белгиленди.

🏆 Кыргызстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында экинчи орунду ээледи.

🥇 Мелдештин экинчи күнүндө улуттук курама команда 14 медалга ээ болду: 3 алтын, 7 күмүш жана 3 коло.

🏹 Жаа атуу боюнча “Пута” стилинде Исхак Токонов үчүнчү, Асел Садырова экинчи орунду ээледи.

🤼‍♂️ Казак күрөшүнөн Саламат уулу Байбол (66 кг) коло, Кемал Оболбеков (55 кг) менен Луиза Асакеева (48 кг) күмүш байгеге ээ болушту.

🤼‍♀️ Өзбек күрөшү боюнча 70 кг салмакта Ажара Исаева 3-орунга, ал эми Бекболот Токтогонов (+100 кг) 1-орунга ээ болду.

💪 Мас-рестлинг боюнча Эльза Абдыкадырова (55 кг) менен Уланбек Тургунбаев (65 кг) чемпион аталса, Бекмырза Токтошев (70 кг) менен Элдос Айтбаев (80 кг) күмүш байгеге ээ болушту.

🐎 Ат күрөшүндө Жекшенбек Турдубеков (60 кг) менен Райхан Бактыгул уулу (70 кг) күмүш медалга ээ болсо, Калыбек Бусурманкул уулу (80 кг) 3-орунга ээ болушту.

Есть вопросы по новости? Задайте ваш вопрос нейросети и получите моментальный ответ.

Отправить
0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x