🏖️ Бишкекте “Алтын-Көл” пансионатын реконструкциялоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюлду.
🔧 Долбоор эки этапты камтыйт: биринчиси – учурдагы имараттарды оңдоп-түзөө жана жашылдандыруу, экинчиси – заманбап шарттар менен жаңы имарат куруу.
🌍 Президенттик Аппараттын Администраторунун орун басары Э.Усенова долбоор туристтик агымдын өсүшүнө жана жумушчу орундардын түзүлүшүнө шарт түзүп, аймактын экономикасына оң таасирин тийгизерин баса белгиледи.
💰 Долбоорду ишке ашырууга 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылары күтүлүүдө, ал эми долбоордук компаниянын кызматкерлеринин 50%дан кем эмесин Ысык-Көл облусунун жергиликтүү тургундары түзөт.
🌱 МЖӨ инвестицияларды гана тартпастан, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүүчү инновацияларды да киргизет, деп белгиледи МЖӨ борборунун директору Н.Анарбекин.
🔒 Мыйзамга ылайык, долбоор аяктагандан кийин пансионат мамлекетке жакшы абалда өткөрүлөт, бул менчиктештирүүнү жокко чыгарат.
🔍 МЖӨ борбору Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду издөөнү жана ишке ашырууну улантат.