📅 Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын контролдук-бюджеттик комиссиясынын жана агрардык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны болуп өттү.
💼 Бактыбек Сыдыковдун жетекчилиги менен көзөмөл-бюджеттик комиссиянын жыйынында 13 маселе каралды, анын ичинде 2025-жылга мамлекеттик бюджет жана КМШнын Өкмөттөр аралык органынын ишин каржылык камсыздоо боюнча мыйзам долбоорлору.
🌱 Агрардык саясат боюнча туруктуу комиссиянын жыйынына Дастан Бекешев катышып, 15 токтом, анын ичинде экологиялык билим берүү концепциясы жана атмосфералык абаны коргоо жана экологиялык мониторинг боюнча мыйзам долбоорлору кабыл алынды.
🍇 Комиссия мүчөлөрү “Жүзүмчүлүк жана шарапчылык жөнүндө” моделдик мыйзам долбоорун пленардык жыйынга алып чыгуу демилгесин колдошту.
🤝 Иш-чараларга КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Шабданбек Алишев дагы катышты.