📢 Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттары маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди талкуулашты.
🚦 Депутат Дастан Бекешев Салык кызматынын жана Калкты тейлөө борборлорунун ишин жакшыртуу зарылдыгын белгилеп, эффективдүүлүктү жогорулатуу үчүн электрондук өз ара аракеттенүүнү киргизүүнү сунуштады. Ал ошондой эле онлайн насыялар заматта берилбеши керектигин баса белгиледи.
🛣️ Депутат Динара Ашимова Ленин чокусу, Чуңкурчак өңдүү туристтик жайларга баруучу жолдорду оңдоп, Транспорт министрлигинин балансына өткөрүп берүүнү сунуштады.
💰 Элдар Абакиров мектептердеги техникалык кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу маселесин көтөрүп, жаштарды колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 1% бөлүүнү сунуштады.
🏫 Кундузбек Сулайманов Токтогул районуна бала бакчаларды жана мектептерди куруу, ошондой эле жолдорду оңдоо зарылдыгын белгиледи.
👶 Рустамбек уулу Советбек Ноокат районундагы бала бакчаларга болгон муктаждыкка токтолду.
🚧 Марат Мураталиев Талас районундагы жолдорду оңдоо жана мектептердин курулушун аяктоо көйгөйлөрүнө көңүл бурду.
📚 Айгүл Айдарова мектептерди окуу китептери менен камсыздоо маселесин көтөрүп, Баткен облусунда социалдык жөлөкпулдарды алууда кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди.
🌍 Кубанычбек Самаков чет өлкөгө жумушка орношкон компаниялар милдеттенмелерин аткарбай жаткандыктан аларды көзөмөлгө алуу зарылдыгын билдирди.
🚛 Алишер Козуев кезек күтүүнү жоюу максатында Ош облусундагы жүк ташуучуларга уруксат берүү процессин электрондук форматка өткөрүүнү сунуштады.