🏫 Жалал-Абад облусунда социалдык объектилерде текшерүү жүрдү.
🤝 Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты Винера Раимбачаева жергиликтүү мектептерди жана бала бакчаларды кыдырып, алардын абалын көрүп, учурдагы көйгөйлөрдү талкуулады.
📚 Депутат Раатбек Санатбаев атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын жана Михаил Бабкин атындагы мектептин мугалимдери менен жолугушууларды өткөрүп, алардын сунуш-пикирлерин укту.
🎖️ Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон мугалимдерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
🔍 Иш сапар “Ыйман Нуру” фракциясынын региондогу социалдык чөйрөнү жакшыртуу демилгесинин бир бөлүгү болуп калды.