🏟️ Кербен шаарында заманбап стадион жана спорттук эс алуу комплекси курулуп жатат.
🏗️ Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районуна иш сапары менен барып, аталган стадиондогу иштердин жүрүшү менен таанышты. 1995-жылы курулгандан бери оңдолбогон Абдыкадыр Дүйшебаев.
💰 2200 көрүүчүгө ылайыкталган жаңы стадиондун курулушуна республикалык бюджеттен 200 млн сом бөлүнгөн. Учурда чыгыш трибунасы кызуу жүрүп, футбол аянтчасынын долбоору экспертизадан өткөн.
🏋️♂️ Стадиондун жанында аянты 4 миң чарчы метрден ашык, бюджети 275 миллион сомду түзгөн дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси курулуп жатат. Мындай объект Жалал-Абад областында биринчи жолу болот.
🌉 Нурланбек Шакиев ошондой эле Кербен шаарынын 20 жылдыгына арналып, жаңы архитектуралык эстеликке айлана турган арканын курулушу менен таанышты.
🌟 Бул долбоорлор шаар тургундарынын арасында спортту жана сергек жашоо образын өнүктүрүүгө багытталган.