Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы 4-6-ноябрь күндөрү Бишкек жана Чүй облусунун аймагында жол кыймылына чектөө киргизди.

4-ноябрдан 6-ноябрга чейин Түркиянын президентинин иш сапарына жана Түрк мамлекеттер уюмунун XI саммитине байланыштуу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы эрежелерди сактоого жана унааларды жол жээгине калтырбоого чакырат.

🚦 Бишкекте жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.

🚧 4-6-ноябрь күндөрү Кыргызстандын борборунда жана Чүй облусунда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын иш сапарына жана Түрк мамлекеттер уюмунун XI саммитине байланыштуу чектөөлөр киргизилет.

🗺️ Чектөөлөр төмөнкү аймактарга киргизилет: “Манас” аэропортунан Бишкектин чек арасына чейин, Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин, Чүй проспектисинин чыгышынан Манас проспектисине чейин, ошондой эле Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринин “Ала-Арча” резиденциясына чейинки бөлүгү .

🚓 ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы айдоочуларды унааларын аталган көчөлөрдүн жээгине калтырбоого жана жүк ташуучу унааларды жолдорго негизсиз киргизбөөгө чакырат.

⚠️ Айдоочуларга бул күндөрү жол эрежесин жана жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так сактоо сунушталат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x