🗳️ Кыргызстанда 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого кызуу даярдыктар жүрүп жатат.
📅 Добуш берүү шайлоо участкаларында саат 8:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт.
🆔 Добуш берүүгө катышуу үчүн паспорт, ID карта же чет элдик паспорт болушу керек. Идентификация биометрикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
📝 Шайлоочулар өздөрүн тизмеден текшерип, бюллетень алып, шайлоочулардын тизмесине кол коюшу керек.
🗳️ Бюллетенде шаардык кеңешке партияны же айылдык кеңешке талапкерлерди тандоо керек.
📞 Өзүңүздүн шайлоо участкаңыз тууралуу маалыматты 119 жана 1255 номуру аркылуу билсеңиз болот.
👍 Ар бир добуш маанилүү, жоопкерчилик менен тандаңыз!