🌍 Акылбек Жапаров Венгрияга болгон иш сапарын аяктады.
🏭 Сапардын жүрүшүндө ал Neue Klasse платформасында жаңы муундагы электр унааларын чыгарган дүйнөдөгү биринчи ишкана болгон BMW Group Debrecen заводуна барды.
🤝 Жапаров Hortobágy Angus Kft заводуна да барып, өндүрүш процесстери менен таанышып, алдыңкы тажрыйбаны Кыргызстанга киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
🇭🇺 Сапардын алкагында Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен сүйлөшүүлөр болуп, эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.
🤗 Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы мамилелерди достук жана өнөктөштүк маанайда өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
✈️ 12-октябрда Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.