🚜 Бишкекте айыл чарба техникасын өнүктүрүү жана фермерлер үчүн лизинг маселеси талкууланды.
🤝 Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев “Стандарт Агросервис” ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жеринде жыйын өткөрүп, анда МТСтин автопарктарын натыйжалуу пайдаланууга көңүл бурулду.
🌾 Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан Стандарт Агросервис компаниясы Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн сапаттуу техникаларды тейлөөгө адистешкен.
💼 Жыйындын жүрүшүндө айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана комбайн жана тракторлорду алууга насыя алуу боюнча консультациялык кызмат көрсөтүү маселелери талкууланды.
📊 Компаниянын базасында фермерлер жана кооперативдер үчүн техникаларды оңдоо боюнча семинарларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди, бул бул жааттагы көндүмдөрдү жана билимдерди өркүндөтөт.
🔧 Ошондой эле республика боюнча 150дөн ашык МТСтин арасында “Стандарт Агросервистин” алдыңкы тажрыйбасын жайылтуу боюнча иш-чаралар пландаштырылган.
🌟 2011-жылы негизделген компания Германиянын “CLAAS” компаниясынын Кыргызстандагы жападан жалгыз өкүлү жана квалификациялуу адистери жана жабдууларды тейлөө боюнча тетиктери бар.