🚨 Бишкекте окуучу кыздарга жасалган зордук-зомбулук боюнча иликтөө иштери башталды.
👮♀️ Жаран А.К. аттуу милицияга кайрылып, социалдык тармактарда белгисиз кыздардын ар-намысын басмырлаган видеотасмалар пайда болгонун айтып кайрылган.
🔍 Бул окуя Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына катталып, жагдайды тактоо үчүн тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
🕵️♂️ Учурда бул видеолор жарыяланган баракчалардын администраторлорун аныктоо аракеттери жүрүп жатат.
⚖️ Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.