🚨 Бишкекте ири өлчөмдөгү акча талап кылган шектүү кармалды.
💰 С.У. аттуу адамдар анын Хундай үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, денесине залал келтиребиз деп коркутуп, 47 300 АКШ долларын талап кылышкандыгын милицияга билдирген.
🔍 Кылмышка шектүүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.
👮♂️ Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн которуу учурунда 1982-жылы туулган Т.М., аттуу жаран кармалды.
🔒 Т.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иш боюнча тергөө амалдары уланууда.