Бишкекте кол күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

30-ноябрдан 1-декабрга чейин Бишкекте армрестлинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, ага 24 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышат. Катышуучулар жаштар, чоңдор жана ардагерлер арасында түрдүү салмак категориялары боюнча күч сынашат. Кыргызстандын атынан 45 спортчу катышат.

🏋️‍♂️ Бишкекте кол күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

🌍 30-ноябрдан 1-декабрга чейин “Газпром” спорт комплексине 24 өлкөдөн 300дөн ашык спортчулар чогулуп, армрестлинг боюнча өз күчүн көрсөтүшөт.

🇰🇬 Кыргызстандын атынан 45 спортчу катышып, ар кандай салмак категориялары боюнча медалдар үчүн ат салышат.

👦👧 Жаш катышуучулар балдар (50, 60, 70, 80, +80 кг) жана кыздар (50, 60, 70, +70 кг) категориялары боюнча күч сынашат.

💪 Чоң эркектер 60 килограммдан +125 килограммга чейин, аялдар 55 килограммдан +85 килограммга чейинки салмакта күч сынашат.

👴👵 Ардагерлер ошондой эле эркектер (65, 75, 85, +85 кг) жана аялдар (65, +65 кг) категорияларында өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

🏆 Чемпионатты Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Армрестлинг федерациясы уюштуруп, бул иш-чаранын аймактагы спорттун өнүгүшү үчүн мааниси зор экенин белгилейт.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x