⚽ Бишкекте футболдук беттеш учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
👮♂️ Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командаларынын беттеши күнү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо коомдук тартипти камсыздоо үчүн 3 миң милиция кызматкери иштейт.
🕗 Беттеш 10-сентябрда саат 20:00дө 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында орун алат.
🔍 Күйөрмандарга кезек күтпөш үчүн жана өз убагында кирүү үчүн матч башталганга эки саат калганда стадионго келүү сунушталат.
🚫 Стадионго айнек жана пластик идиштерди, ошондой эле пиротехникалык буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат.
🔒 Полиция көрүүчүлөрдү коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.