🏆 Масрестлинг боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт.
🌍 30-ноябрдан 1-декабрга чейин 24 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу “Газпром” спорт комплексине чогулуп, чемпиондук наам үчүн ат салышат.
🇰🇬 Кыргызстандын намысын 45 спортчу коргойт, алар ар кандай салмак категориялары боюнча катышат.
👦👧 Жаштар арасындагы мелдештер балдар жана кыздар үчүн категорияларды камтыйт, анын ичинде балдар үчүн 50дөн +80 кг чейин жана кыздар үчүн 50дөн +70 кг чейинки салмактык топтор.
💪 Чоң спортчулар арасында эркектер 60 килограммдан +125 килограммга чейин, ал эми аялдар 55 килограммдан +85 килограммга чейинки категорияда күч сынашат.
👴👵 Ардагерлер да четте калбайт: 65, 75, 85 жана +85 кг салмакта эркектер, 65 жана +65 кг салмакта аялдар күрөшөт.
🎉 Чемпионаттын ачылышы 30-ноябрда саат 17:30да, ал эми мелдештин өзү саат 10:00дө башталат.
✨ Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Масрестлинг федерациясы тарабынан уюштурулган.