🎉 Бишкекте “Алтын күз” жарманкеси өтүп, ага миңдеген коноктор келди.
🌾 Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарага 200гө жакын катышуучулар, анын ичинде ири өндүрүшчүлөр жана фермерлер катышты.
🛒 Жарманкеге 25 миңден 30 миңге чейин адам катышып, шаар тургундарына органикалык продукцияларды өндүрүүчүлөрдүн баасында сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
🥩 Продукциялар арзан баада тартууланды: эт – 500-600 сом, картошка – 16-17 сом, пияз – 18-20 сом, жумуртка – 9,5-10 сом, күрүч – 220-230 сом, алма – 30-40 сом. , сабиз – 30 сом, кумшекер – 73-74 сом, ун – 50 кг 1500 сом.
🏅 Жарманкенин бардык катышуучуларына бул маанилүү иш-чараны уюштурууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттары тапшырылды.