🏔️ Бишкекте альпинизм техникасы боюнча ачык чемпионат өттү.
🏅 27-октябрда Чуңкурчак капчыгайында өткөн мелдешке 29 спортчу, анын ичинде олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин 9 окуучусу катышты.
👥 Эркектер арасында байгелерди: Владимир Вишнев (1-орун), Евгений Андриенко (2-орун) жана Павел Бездорнов (3-орун) ээледи. Андрей Дрошин да үчүнчү орунду бөлүштү.
👩🦰 Аялдар категориясында эки спортчу жеңишке жетишти: Кристина Соловьева жана Сайкал Тойчуева, 1-орунга ээ болушту. Лейла Мүсүралиева менен Алена Михайлова 2-орунду, Анна Фролова 3-орунга ээ болушту.
🌱 Иш-чаранын негизги максаты – альпинизмди жана сергек жашоо образын жайылтуу, ошондой эле спорттук альпинизмди өнүктүрүү жана катышуучулардын чеберчилигин жогорулатуу.
🤝 Мелдештер альпинисттер менен спорттук уюмдардын ортосундагы байланышты чыңдоого, ошондой эле жаштарды спорттун бул кызыктуу түрү менен алектенүүгө тартууга жардам берет.