2026-жылдын башынан бери социалдык жактан кыйынчылыкта турган 1937 үй-бүлө аныкталды. Алардын ичинен 260 үй-бүлө муктаждык абалынан чыгарылып, аны колдоо максатында социалдык жардамдар көрсөтүлдү.
Ошондой эле кыйын кырдаалдагы 3606 бала аныкталып, алардын укуктарын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 2097 индивидуалдуу коргоо пландары иштелип чыккан.
Бул пландар аркылуу 1702 бала кыйынчылыктан чыгарылып, алардын эс алуусу жана укуктары калыбына келтирилди.
Үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүлүп, балдардын окуусу жана жумуш табуусуна шарт түзүлдү. Мындан тышкары, документтери кайра ордуна келтирилди жана башка керектүү колдоолор берилди.






