2022-жылдын 29-декабрында «Келечек» реабилитациялык борбору иштеп баштаган учурдан тартып 2546 бала адистештирилген жардам алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министр Алмаз Имангазиев камкордордун жашоо шарттарын, реабилитациялоо процессин жана профилдик адистердин ишин текшерүү үчүн мекемеге келди. Визит учурунда ведомствонун башчысы ата-энелер менен борборду жабдууну жакшыртуу жана балдар менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн максималдуу комфорттуу чөйрө түзүү маселелерин талкуулады.

49визит учурунда кызматтарды алууда болгон балдар
37стационардык тейлөөдө
12күнүмдүк болуу режиминде
29борбордогу коштоп жүрүүчүлөр

Ата-энелер адистердин ишинин сапатын жана түзүлгөн шарттарды белгилешет, бирок борборду кошумча жабдуулар менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунушташты. Министр кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын алуучулардын суроо-талаптарын эске алуу менен туруктуу жакшыртуу зарыл экенин баса белгиледи.