Бишкекте Улуттук тарых музейине Абдыкерим Сыдыковдун баалуу экспонаты тапшырылды. Бул тууралуу музейдин директору Назгүл Омурзакова Эрмек Сыдыков жана окумуштуу Зайнидин Курманов менен жолугушууда билдирди.

Жолугушууда мамлекеттин тарыхы менен маданиятын сактоо, музей фонддоруна жаңы материалдарды алуу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Бул иш-чаранын алкагында Зайнидин Курманов музейдин илимий китепканасына өзүнүн илимий эмгектерин жана тарыхый адабияттарды белекке берди.

Ал эми Эрмек Сыдыков атасы Абдыкерим Сыдыковго 100 жылдык мааракесине карата берилген юбилейдик медаль менен аныктаманы музейдин фондусуна тапшырып, улуттук тарыхты муунга өткөрүп берүү багытындагы маанилүү кадамга салым кошту.

Назгүл Омурзакова мындай баалуу экспонаттарды кабыл алуу менен улуттук тарыхты сактоодо чоң кадам жасалып жатканын, музей илимий изилдөөлөрдү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым ачык экенин баса белгиледи.