Бишкекте Жогорку Кенештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйыны өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев катышты. Негизги көңүл өлкөнүн бюджеттик саясатын аныктоочу мыйзам долбоорлорун кароого бурулду.

"Бюджеттин ар бир көрсөткүчүнүн артында мектептердин жана ооруканалардын иши, ошондой эле жарандарыбыздын бакубаттуулугу турат. Ошондуктан биз сиздердин сунуштарыңыздарга чоң маани беребиз"
Адылбек Касымалиев
"Ар бир кайрылуунун артында жарандарды тынчсыздандырган маселе турат. Бул кайрылууларды өз убагында жана сапаттуу аткаруу — биздин түз милдетибиз"
Адылбек Касымалиев

Министрлер Кабинетинин маалыматы боюнча, аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бийлик тармактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү конструктивдүү бойдон калууда. Парламенттин учурдагы чакырымынын алкагында Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам чыгаруу боюнча чоң иштер жүргүзүлдү.

VIII чакырымдын мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү

178мыйзам долбоорлору демилгеленди
136мыйзам долбоорлоруна макулдугу берилди
126Президент тарабынан кол коюлган мыйзамдар
50ратификациялоо жөнүндө мыйзамдар

Депутаттардын сурамдарына жооп берүүнүн натыйжалуулугуна өзүнчө басым жасалды. Министрлер Кабинетинин башчысы жарандардын алдында турган маселелерди өз убагында чечүү өкмөттүн түз милдети экенин баса белгиледи.

Парламенттик көзөмөл

42токтомдор келип түштү
24токтомдор аткарылды
3287депутаттык сурамдар келип түштү
3270сурамдар аткарылды