Агрардык тармактагы органикалык секторду өнүктүрүү биологиялык чечимдерди киргизүү менен түздөн-түз байланыштуу. Бул технологиялар жөнүндө Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин биология факультетинин өкүлдөрүнө Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарбасы департаментинин эксперттери айтып беришти.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, талкуунун негизги багыты топуракка химиялык күчтүн жүктөмүн азайтуу стратегиясы болду. Адистер биокаражаттарга өтүү экологиялык мүнөздөмөлөрү жогору продукцияларды өндүрүүгө өбөлгө түзөт деп белгилешти.

Иш-чаранын алкагында тематикалык көргөзмө уюштурулду. Студенттер теориялык билимдерди гана алуу менен чектелбестен, биологиялык каражаттардын конкреттүү мисалдарын изилдеп, ошондой эле суроо-жооп сессиясынын жүрүшүндө алардын практикалык колдонулушун талкуулай алышты.