Ысык-Көл облусунун Ак-Суу айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик «Кыргыз Сорт сынак станциясы» ишканасынын филиалында жаңы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун сынап жана өндүрүшкө киргизүү маселелери боюнча семинар болуп өттү.

Семинардын алкагында айыл чарбасынын жана бакчачылыкты кеңеш берүү бөлүмүнүн администратору быйылкы жылы мамлекеттик сынактан өтүп жаткан жаңы сорттор тууралуу маалымат берди. Алардын арасынан түшүмдүүлүгү жогору, климаттык шарттарга ылайыкташкан, ооруларга жана зыянкечтерге туруктуу түрлөрү айкындалды.

Иш-чарага катышкан айыл чарба тармагында иштеген фермерлер жана адистер жаңы сортторду өстүрүү боюнча изилдөөлөр менен таанышып, ошондой эле сынак талааларындагы эмгектердин жыйынтыктары жана келечектеги ишмердүүлүк багыттары тууралуу угушту.

Семинар ачык форматта өтүп, фермерлер жаңы сортторду өстүрүү технологиялары, уруктук материалды тандоо жана мамлекеттик сорт сынак жүргүзүү тартиби боюнча суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Адистер ар бир суроого толук жооп берип, практикалык сунуштарды сунушташты.

Кыргыз Республикасынын Суулар, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мындай семинарлардын жардамы менен айыл чарба өндүрүшүнө заманбап, жогорку түшүмдүү жана сапаттуу жаңы сортторду киргизүү иштери жайылтыларын белгиледи.