Араван районундагы окуя 9-август күнү катталды. Үч жигит 40 жаштагы адамга кол көтөрүштү.

Оштогу ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя тууралуу кабар келип, тергөө иштери башталды.

Кармалгандар – 2002, 2006 жана 1998-жылы туулган М.Х., М.М., жана М.А. аттуу жаштар.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши «Хулиганство» беренеси менен козголду.

13-августта Араван райондук соту шектүүлөр үчүн үй камагын карар кылды.

Бул иштин иликтөө иштери уланууда.