Бишкекте милиция Юнусалиев көчөсүндө кызга кол салуу видеосу жарыялангандан кийин эки эркекти таап, кармады. Бул тууралуу борбордук ШИИББинен билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда укук коргоо кызматкерлери бир эркек кызга карата мыйзамсыз аракеттерди жасап жаткан видеожазууну аныкташкан, андан кийин экинчи эркек аны унаага отургузуп, окуя болгон жерден алып кеткен.

Бул факты Октябрь РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1990-жылы туулган А. Х. жана 1991-жылы туулган Б. У. аттуу жарандарды аныктап, райондук башкармалыкка алып келишкен.

Эки жаранга тең Укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протоколдор түзүлдү. Эркектер кармалып, Октябрь РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин окуя 26-июлда таңкы саат 06:00 чамасында Юнусалиев көчөсүндө болгону айтылган. Жабырлануучунун айтымында, ал жумуштан үйүнө кайтып келе жаткан кезде, белгисиз эркек артынан кол салып, асфальтка жыгылтып, бир азга турууга мүмкүнчүлүк берген эмес.

Кыз кол салган эркек өзүн адекватсыз алып жүргөнүн айткан. Ал тыюу салынган заттардын таасири астында болушу мүмкүн деп божомолдогон, бирок буга расмий ырастоо болгон эмес. Бир аздан кийин эркек кызды коё берип, бир тарапка качып, жыгылган. Андан кийин, жабырлануучунун айтымында, ал үчүн кытай мамлекеттик номурлары бар унаа келип, ага отуруп, кетип калган. Кол салуунун натыйжасында