Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндөгү Таш-Кокту жана Беш-Бала участокторунда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгы тарабынан билдирилди.
13-ноябрда өткөрүлгөн рейддин учурунда эки жаран кармалды. Алардын Б. уулу Б. жана ага коштоп жүргөн Э. у. Ы. аттын ээрге байланган архардын бөлүнгөн башын жана мүйүздөрүн ташып бара жаткандыгы аныкталган. Кармалган адамдарда жаныбардын калдыктарын ташуу боюнча эч кандай уруксат берүүчү документтер болгон эмес.
Аталган окуя боюнча тиешелүү акт түзүлүп, материалдар Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда милиция тарабынан окуянын чоо-жайын аныктоо жана жаныбардын калдыктары кайдан келгенин текшерүү иштери жүрүп жатат.
Текшерүүдө аныкталган маалыматтар
Окуянын чыныгы себептерин жана жаныбардын кайдан келгенин тактоо үчүн сөөктөрдү изилдөө максатында соттук-зоологиялык экспертиза дайындалды.














