Ала-Арча суу сактагычынын аймагына өткөрүлгөн рейддин алкагында кызматкерлер текшерүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө аңчылык эрежелерин бузган жаранды аныкташкан.
Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы боюнча, кармалган адамдан 4,5 мм калибрдеги пневматикалык курал табылган. Курал табылгандыгы боюнча тиешелүү протокол түзүлгөн.
Эреже бузуучуга 12 500 сом өлчөмүндө айып салынды. Рейддик иш-чараны Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаардык жана Аламүдүн райондук аймактык башкармалыгынын инспекторлору жүргүзүшкөн.













