Баткен облусунда өткөрүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйындоодо «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында ишке ашырылган иштер тууралуу маалымат берилди. 2026-жылы облустук «Социалдык келишим» долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпысынан 2145 квота бөлүнгөн.
Облустук президенттин өкүлчүлүгү тарабынан берилген маалыматка ылайык, 2026-жылдын 23-октябрына карата социалдык келишим 1794 жаран менен түзүлгөн. Бул көрсөткүч боюнча, келишим түзүү планынын 83,6% аткарылган.








