Баткен облусунда туристтик инфраструктураны өнүктүрүү маселелери каралып, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана жергиликтүү ишкерлерди колдоо маселелери боюнча кеңешме өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысынын маалыматына караганда, КР туризм өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Максатай Мамытбекова региондо туристтик тармакты алдыга жылдыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Андан соң облус администрациясында жергиликтүү ишкерлер менен жыйын болуп, анда туризм тармагын өнүктүрүү, шарттарды жакшыртуу, инфраструктураны өстүрүү боюнча маселелер каралды.
Жыйында Абдирашит Ташбалтаев да катышып, ишкерлердин сунуштары жана маселелери талкууланып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу жолдору боюнча пикир алмашуу орун алды.
Иш-чарада туризм тармагындагы көйгөйлөрдү чечип, бизнес үчүн жакшы шарттарды түзүү жана Баткен облусунун экономикасын чыңдоого басым жасалды.















