Баткен районунда көп балалуу энелерди мамлекеттик деңгээлде сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын президентинин жардыгына ылайык, 70 энеге сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлыктардын ичинен 36 энеге "Баатыр эне" ордени ыйгарылып, 34 энеге "Эне даңкы" деген медаль берилди. Бул сыйлыктар өлкөдөгү көп балалуу энелердин коомдогу ролун жана эмгегин таануу максатында тапшырылды.

Иш-чарага Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акими Сүйүнбай Сатыбалдиев, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Алар энелерди мамлекеттик сыйлыктар менен куттуктап, алардын үй-бүлө жана коомдогу салымын белгилешти.

Андан сырткары, сыйланган энелерге белектери да тапшырылды. Иш-чаранын максаты – энелердин кадырын көтөрүү жана коомдогу ордун четке какпоо болду.