Баткен областынын Кадамжай районунда ферула (чайыр) өсүмдүгүн мыйзамсыз чогултуу фактылары аныкталды. Бул боюнча Баткен регионалдык министрлигинин экология башкармалыгы тарабынан текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында үч жаран феруланы уруксаты жок чогулткандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпысы 16 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле рейд учурунда балык уулоо эрежелерин бузган бир жаран да кармалып, ага дагы тиешелүү мыйзам чегинде административдик чара колдонулду.

Министерлик өкүлдөрү мыйзамсыз чогултуу Кыргызстандын табигый экосистемаларына зыян келтирерин эскертип, коргоо иштерин күчөтөрүн маалымдашты.