Кыргызстандын 16 медициналык уюмуна 18 заманбап ЛОР-комбайны жеткирилди, орнотулду жана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматы боюнча, жабдыктар бекитилген бөлүштүрүү планынын негизинде медициналык мекемелерге өткөрүлүп берилген.

16медициналык мекеме
18ЛОР-комбайны

Учурда дарыгерлер жаңы аппараттарды бейтаптарды текшерүү, диагноз коюу жана кулак, тамак, мурун ооруларын дарылоо үчүн колдонууда. Жаңы техника медициналык кызматкерлердин диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, ооруларды так аныктоого жана дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Жабдыктар Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле төмөнкү облустардын медициналык уюмдарына жеткирилди: