Аскер прокуратурасы менен УКМКнын Аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгы биргелешкен иш-чаранын жүрүшүндө коррупциялык фактынын бетин ачты. Баткен районунун тургуну Г. К. аскер комиссариатынын кызматкерине чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Маалыматка ылайык, шектүү кызматкер арыз ээсинин уулу Б. А. аскердик кызматка жараксыз деген медициналык корутундуга ээ болгонуна карабастан, аны кайрадан мөөнөттүү кызматка жиберем деп коркутуп, акча каражатын талап кылган. Жабырлануучу буга чейин ден соолугунун абалына байланыштуу аскерден бошотулган 18 жаштагы жигит экени такталган.

Баткен райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы У. А. 23-октябрда акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүүнүн унаасын тинтүү учурунда аскерге чакырылуучулардын өздүк көктөмөлөрү, арыз берүүчүнүн документтери жана аскерге баруучулар үчүн каралган кургак паёктор табылган. Учурда тергөө иштери улантылууда.