Баткен облусунун президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров Шахимардан аймагында жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Анда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жолугушууда Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан мурда жетишилген макулдашууларды өнүктүрүү максатында, кызматташтыктын комплекстүү программасын (“Жол картасы”) актуалдаштыруу, аны өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары менен толуктоо чечими кабыл алынды.
Туризмди өнүктүрүү
Сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири туристтик тармакты өнүктүрүү болду. Тараптар Өзбекстандын Шахимардан эс алуу зонасын жана Кыргызстандын Дугаба эс алуу зонасын бирдиктүү эркин туристтик аймак катары өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштерди активдештирүүгө, ошондой эле эки аймактын өткөрүү пункттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө макулдашты.











