Баткен районундагы Чет-Булак шаарында балдар ооруканасынын курулушуна капсула салуу салтанаты болуп өттү. Бул жаңы оорукананын сыйымдуулугу 75 орунду түзөт.
Азыркы салтанатка Баткен облусунун жетекчиси Мамыржан Рахимов, Кыргыз Республикасынын аймактарды өнүктүрүү жана коомчулуктарды инвестициялоо агенттигинин (АРИС) аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, облустук жана шаардагы мекеме жетекчилери, дарыгерлер, жергиликтүү тургундар катышты.
Жаңы балдар ооруканасы заманбап талаптарга ылайык жабдылып, балдарды дарылоодо керектүү шарттар менен камсыздалат.




























