Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймагында жаңы мектептин курулушуна расмий түрдө киришти. Бул мектеп 375 окуучу орунга ылайыкталган.
Курулуштун башталыш салтанатына Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов, АРИС компаниясынын аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана башка тиешелүү органдар менен шаар тургундары катышты.
Мамыржан Рахимов жаңы мектеп шаардагы билим берүү инфраструктурасына чоң салымын кошорун белгиледи жана курулуштун сапаттуу, өз убагында бүтүшүнө чакырды.
Калыбек Жумадылов мектеп заманбап шарттарга жооп берип, таланттуу окуучулардын өнүгүүсүнө жардам бере турганын баса белгиледи.
Жаңы мектепте окуучулар үчүн заманбап билим берүү шарттары түзүлөт жана алар сапаттуу билим алышат.















