Базар-Коргон районунда жети жаңы скважинаны эксплуатацияга берүү пландалууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин билдирүүсүнчө, долбоор Суу ресурстары кызматы тарабынан «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча бөлүнгөн каражаттардын эсебинен ишке ашырылууда.
Учурда иштердин алгачкы натыйжалары катталды: Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ай участкасында адистер жаңы скважинаны байкап иштетип, суу берүүнү камсыз кылышты.
Бул чараларды ишке ашыруу региондогү сугаруу суусунун тартыштыгын жоюуга багытталган, бул фермердик чарбалардын суу менен камсыз болушун жакшыртууга жана агрардык секторду өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.










