Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылында ичүүчү суу менен камсыздоо системасын түзүү боюнча иштер аяктады. Долбоор «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарбалык кызматтарды жакшыртуу» демилгесинин алкагында ишке ашырылды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин билдирүүсүнчө, системанын ишке киргизилиши конушта суу берүүнү турукташтырууга мүмкүндүк берет.

Бул, өз кезегинде, региондогу санитардык-гигиеналык абалды жакшыртууга өбөлгө түзөт жана инфекциялык оорулардын алдын алууга олуттуу салым кошот
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги