Инцидент Тиргартен шаардык паркынын жанында болгон. Окуядан көп өтпөй Берлин полициясы көп сандаган полиция бөлүмдөрү жана Берлин өрт өчүрүү кызматынын куткаруу отряддары менен биргеликте аймакта иш алып барып, унаа бир нече адамды сүзүп кеткен болушу мүмкүн деп билдирген. Жабыркагандарга куткаруучулар тарабынан жардам көрсөтүлдү.
Bild басылмасы күбөлөргө шилтеме берип, ак түстөгү фургон Тиргартен паркындагы элди сүзүп кеткенин жазган. Унаа адамдарды сүзгөндөн кийин даракка урунган. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып, полиция аны тик учактын жардамы менен издеп жатат. Кылмышкердин өздүгү жана ыктымал мотивдери азырынча белгисиз. Полиция шектүүнү же шектүүлөрдү издөө боюнча масштабдуу операция жүргүзүүдө.
Christopher Street Day (CSD) – ЛГБТ укуктарын колдогон жылдык жөө жүрүш. Бул жылы окуяга байланыштуу парад мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, уюштуруучулар X социалдык тармагында катышуучуларды үйгө кайтууга чакырышкан.








