«Кабар» агенттиги билдиргендей, Өзбекстан Республикасынын чыгармачыл делегациясы Кыргызстанга келди. Делегация 27-28-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Өзбекстандын Маданият күндөрүнө катышат.
Делегацияны «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда (Тамчы) Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов тосуп алды.
Өзбек делегациясын өлкөнүн маданият министри, эл артисти Озодбек Назарбеков жетектейт.
Делегациянын курамына маданият жана искусство тармагынын 200гө жакын өкүлү, анын ичинде белгилүү аткаруучулар, музыканттар, бий топтору, маданият ишмерлери жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү кирди.












