Кыргызстанда билим берүү тармагынын инфраструктурасын заманбап жабдуу жана окутуунун сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.
окуу китептерин басуу63,5 млн сом1,4 млрд сом +2105%
Билим берүүгө жумшалган каражаттын көлөмү кескин өзгөргөн. Ал эми мугалимдердин эмгек акысы 100%га чейин жогорулатылып, орточо айлыгы эки эсеге жетти.
Мугалимдердин эмгек акысы жана жабдуусу
Технологиялык өнүгүүгө да чоң көңүл бурулуп жатат. Мектептерди заманбап лабораториялар менен камсыздоо пландалууда.
- 220 мектепке STEM-лабораторияларын орнотуу
- 53 IT-кванториумун түзүү
- Өлкөнүн 70%дан ашык мектептеринде дуалдык окутуу программаларын ишке ашыруу
Ошондой эле мамлекеттик менчик мекемелерди кайтарып алуу иштери да жүрүүдө. 2021-2026-жылдар аралыгында мурда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 257 бала бакчанын имараттары кайра мамлекетке берилди.
- 2025-жыл
25 бала бакча кайтарылды
- 2026-жыл
57 бала бакча кайтарылды
Жогорку окуу жайларынын имараттары да курулуп жатат. Бюбюсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин беш кабаттуу окуу корпусу ачылды, анын курулушуна президенттик фонддон 990 млн сом бөлүнгөн. Ал эми Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети үчүн Жибек Жолу проспектисинде 16 кабаттуу жаңы имарат курулууда.









