Бишкек шаарынын мэриясы жаш жубайларга «Жаш жубайлар дарак отургузушат» деген экологиялык долбоор тууралуу эскертип, үй-бүлө түзүүнүн символу катары дарак отургузууга чакырды.

Мэриянын маалыматына ылайык, бул долбоор борбор калаанын жашылдануусуна салым кошуп, айлана-чөйрөнү сактоого жана шаардын тургундарынын экологиялык маданиятын жогорулатууга багытталган.

Долбоорго катышууну каалаган жаш жубайлар https://greenair.kg/bishkek сайтында арыз жазып, даракты отургузуу жайын тандап, зарыл маалыматтарды толтурушу керек. Катталган соң, адистер катышуучулар менен байланышып, иш-чараны уюштурат.

Ошондой эле жаш жубайлар өздөрү да дарак өстүрүүчү материалды алып, аны мэриянын МП «Бишкекзелентрой» ишканасынын адистери менен макулдашуу менен отургузса болот. Бул үчүн арыз толтуруп же 0880 005 123 телефон номуруна кайрылуу талап кылынат.